Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МИЛДЕТТҮҮ ҮЛҮШ – мүлктөрдүн керээз буйуртмасына карабастан, белгилүү мурастоочуларга өтүүчү бөлүгү. Ушундай укукка ээ мураскер кандайдыр бир негиз боюнча мураска алуучулардын баары, анын ичинде демейки үй тиричилигинде пайдалануучу буюмдардын баасы жана андай мураскердин пайдасына белгиленген керээздөөдөн баш тартуунун баасы дагы М. ү-кө эсептелет. Керээзде мураста милдеттүү үлүшкө укугу бар мураскер үчүн белгиленген кандай гана чектөөлөр жана оорчулуктар болбосун, ага өтүүчү мурастын М. ү-үнөн ашкан бөлүктөрүнө карата гана жарактуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МИЛДЕТТҮҮ ҮЛҮШТҮК МҮЧӨЛҮК ТӨГҮМ – милдеттүү түрдө төгүлүүчү жана кооператив же башка уюмдун иш-аракетине катышууга, кооператив же жана башка уюмдун уставында каралган кызматтар менен жеңилдиктерден пайдаланууга, тийиштүү жамаатык төлөмдөрдү алууга укук бере турган үлүштүк мүчө төгүмү.